Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева министрликти бөлүү жөнүндө эч кандай көрсөтмө түшө электигин билдирди.
Ал министрлик өкмөттөн бул кадамга барууну 1-2 жылга токтото турууну өтүнгөнүн белгиледи.
"Учурда системалык трансформация жүрүп жаткандыктан, бөлүнүү өзүнүн натыйжасын бир аз жакшы бере албайт дейбиз. Себеби 85тен ашык жогорку окуу жайы жана Улуттук илимдер академиясы бар. Анын ичинен 31 мамлекеттик окуу жай. Алардын 11и толугу менен автономияда. Жеке менчиктерге "мындай кыл" деп көрсөтмө бере албайбыз, алардын өнүгүү программалары өзүнчө.
Мындан тышкары 9 тармактык окуу жай бар. Алар ИИМдики, УКМКныкы жана Коргоо министрлигиники. Алардын да ички мандаты бар. Ошон үчүн кошумча бюрократиялык уюм түзүү тажрыйбасын эске алуу менен Министрлер кабинетине жок дегенде бөлүүнү 1-2 жыл кармап турууну сунуштадык. Чечим кандай кабыл алынары белгисиз", - деди Кендирбаева.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнүп, Илим жана жогорку билим министрлиги менен Агартуу министрлиги түзүлөрүн билдирген. Ал былтыр 20-декабрда өткөн III Элдик курултайда демилгесин президент Садыр Жапаров кубаттаганын айтып, Жаңы жылдан соң ишке ашарын белгилеген.