Шакиев өлкөдө жаңы министрлик түзүлөрүн айтты

Кыргызстанда жаңы жылда Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнүп, Илим жана жогорку билим министрлиги менен Агартуу министрлиги түзүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 20-декабрда Элдик курултайда билдирди.

"Бизде бүгүнкү күндө Билим берүү жана илим министрлиги аябай чоң тармак. Министр бир эле учурда мектепке чейинки билим, мектеп, лицейлер, кесиптик жогорку окуу жайлар, ЖОЖдор, илим-изилдөө институттары, илимдер академиясы өңдүү 8-9 багытта иш алып барат", - деди ал.

Ошондой эле бир министрге бардык тармакты бирдей алып кетүү кыйын болгонун белгилеп, министрликти экиге бөлүү боюнча маселени парламентте көтөргөнүн эске салды.

"Буга чейин бул маселе тууралуу 1-2 жолу парламенттин трибунасында дагы айттым. Министрликти бөлүш керек. Мектепке чейинки жана мектепти өзүнчө Агартуу министрлиги, ал эми жогорку билимди жана илимди министрлиги өзүнчө министрлик түзүш керек", - деп сөзүн улады.

Шакиев аталган демилгени президент Садыр Жапаров кубаттап, жаңы жылда жаңы министрлик түзүлөрүн айтты.

"Жаңы жылда жаңы министрлик түзүлгөнү турат. Илим жана жогорку билим министрлиги менен Агартуу министрлиги" дейт төрага.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда III Элдик курултайдын биринчи күнү старт алды. Ага аймактардан шайланып келген 698 делегат катышууда.

Шакиев өлкөдө жаңы министрлик түзүлөрүн айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан