Байсалов жаңы жетекчи Айбек Абдымомуновду эмгек жамаатка тааныштырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Айбек Абдымомуновду эмгек жамаатка тааныштырды.
Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, иш-чарада Байсалов жаңы жетекчиге жана анын командасына ийгиликтерди каалап, бир катар милдеттерди койду.
Белгилей кетсек, 11-февралда Дене тарбия жана спорт департаменти Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен бөлүнүп, өзүнчө Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги болуп өзгөргөн. Аталган агенттиктин директору болуп Абдымомунов дайындалган.
Ал буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору кызматын аркалаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан