Дене тарбия жана спорт департаменти Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен бөлүнүп, өзүнчө Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги болуп өзгөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
"Дене тарбия жана спорт боюнча өз алдынча мамлекеттик органды түзүү каралып жаткан тармакты натыйжалуу өнүктүрүү үчүн ыйгарым укуктарды жана ресурстарды топтоштурууга мүмкүндүк берет, программалардын улантуучулугун, спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүнү камсыз кылат, ошондой эле каралып жаткан чөйрөдө өлкөнүн кызыкчылыктарын эл аралык талаптагыдай көрсөтүүнү камсыз кылат", - деп айтылат маалыматта.