УКМК Бишкекте сот аткаруучуларды жыйында отурган жеринен кармап кетти (видео)

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун эки сот аткаруучусу жемкорлукка шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору кабарлап, коррупциялык схемага бөгөт коюлганын билдирди.
Маалымдалгандай, А.А. жана М.Т аттуу сот аткаруучулар жеке кызыкчылыктарын көздөп, жарандардан опузалап акча талап кылышкан. Алар жарандык талаш-тартыштарды кароонун жыйынтыгы боюнча сот чечимин создуктуруп, аларга мыйзамсыз акчалай сыйлык берилмейинче өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткарышкан эмес.
Шектүүлөргө карата кечээ, 18-февралда Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен иш козголгон. Алар жыйында отурган жеринен кармалып, учурда УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Учурда аталган мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
Белгилей кетсек, кечээ, 18-февралда УКМК Ленин райондук сотунун судьясын пара алуу фактысы менен кармалганын айткан.
Сот аткаруучулар жыйында отурган жеринен кармалышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан