Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы пара алуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, ал ортомчу болгон М.С. аттуу жактоочу аркылуу каралып жаткан жарандык иш боюнча оң чечим кабыл алгандыгы үчүн пара түрүндө 22 миң доллар акча каражатын алган.
Бул иш боюнча судья менен жактоочуга карата "Жооптуу кызмат адамы тарабынан ири өлчөмдө пара алуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында коррупциялык схеманын бардык катышуучулары күнөөсүн моюнуна алышкан.
Кошумчалангандай, 13-февралда Судьялар кеңешинин, ошондой эле Биринчи май райондук соту тарабынан судья А.М.ге карата камакка алуу чечими чыгарылган.
Учурда жогорудагы фактыларды документтештирүүгө, ошондой эле судьянын жана башка адамдардын ушундай эле кылмыш иштерин аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү улантылууда.