"Запкы жеп келдим". Айгүл Айдарова "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан эмнеге чыкканын ачыктады

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова мурда өзү мүчө болгон "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан эмнеге чыкканын ачыктады. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-февралда SUPER.KG порталына билдирди.

"Депутаттарды шайлоо тартибин өзгөртүү сунушуна кандай пикирдесиз?" деген суроого, эл өкүлү бул демилгени колдой турганын айтты.

"Себеби можаритардык тутумда ар бир депутат өзүнө өзү жооп берет. Партия лидерине көз каранды болуп, сөзүн укпайт. "Муну айт, аны айтпа" деген сөздөр болбойт.

Мисалы, мени өзүңөр билгендей, фракциядан чыгарып коюшкан. Ал лидер менен пикир келишпестиктен улам болгон. Мен анын үйрөткөн сөздөрүн айтпайм да. Мен "марионетка" эмесмин да. Мени колдоно албайт. Өз ой-пикири бар депутатмын. Бирөөнүн айт деген сөзүн айта албайм. Ошондуктан бул мыйзам долбоорун кош колдоп колдойм. Себеби партиялык тизмеден өзүм запкы жеп келдим", - деди Айдарова.

SUPER.KG порталы партияга добуш берүүнү жокко чыгаруу сунушуна депутаттар кандай пикирде экенин сурап көрдү. Толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.

Белгилей кетсек, Айгүл Айдарова 2022-жылы 26-январда Жогорку Кеңешке "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын тизмеси менен депутат болгон. Ал диплом чырынан улам мандатынан ажыраган Орозайым Нарматованын ордуна келген.

2024-жылдын июнь айында Айдарова "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан чыгарылган. Фракциянын катчылыгы мындай чечим депутат айымдын фракциянын жыйындарына себепсиз катышпагандыгынан улам кабыл алынганын билдирген.

Айгүл Айдарова "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын курамынан чыгарылышы боюнча үн катып, "фракциянын жыйындарына катышпай койду" деген күнөө негизсиз экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан