Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын курамынан чыгарылышы боюнча социалдык тармактагы өздүк баракчасы аркылуу жооп берди. Анда депутат айым "фракциянын жыйындарына катышпай койду" деген күнөө негизсиз дейт:
"Урматтуу элим! Айрыкча Баткендиктерим! Мени "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан чыгарганы мен үчүн эч кандай мааниге ээ эмес жана "фракция жыйындарына катышпай жүргөн" деген күнөө негизсиз. Биринчиден, мандат алып иштеген күндөн баштап 4 жолу гана фракция жыйыны болгон. Баарына катышкам. Аны кесиптешим Алишер Эрбаев да тастыктап фракция жыйынында айтып берди. Мейли, ал башкысы эмес. Фракциядан чыгаруу маселесин Мадумаров ушул күнгө чейин өзү бир да козгогон эмес, козгой да алмак эмес. Анын бир канча себептери бар. Болгону азыр чокту Масалиевдин колу менен кармады. Эгер чындыктын символу деген партиянын ичинде кандай "былыктары" бар экенин кеп кылсак, анда кептин төркүнүн башынан баштоо керек. Убакыт келет, эл "чындык" деп тааныган адамдардын абийири кандай экени ачыкталат. Болгону башкалар айтпаганды мен ачык айтып койгонум үчүн да жакпай калып жатам. Ток этерин айтканда, фракциясы жок эле депутаттык ишмердүүлүгүмдү элим үчүн ак иштеп уланта берем. Алдыда аткара турган мыкты иш пландарыбыз көп", - деп жооп узатты.
Белгилей кетсек, 5-июнда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын катчылыгынан депутат айым жыйындарга себепсиз катышпагандыктан курамдан чыгарылганын билдирген эле.
Айгүл Айдарова буга чейин "Супер-Инфо" гезитине маек берип, анда фракциянын лидери тууралуу "Адахан Мадумаров менин атымды ачык айтып сын жаадырбаса да, кыйытып айтып күнөөлүү издеп жатат. Ачыгын айтсам, ортобузда дал келишпеген көз караштар бар" деп кеп кылган.
Ошондой эле ага байланыштуу аудио, видеолордун жайылышына кызыкдар адамдар бар экенин, "алар ким экенин көпчүлүк билип калды" деп айткан.