Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы "Маркумдун сөөгүн жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү жөнүндө" фатва чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Муфтияттан билдирди.
Ага ылайык, маркумдун үйүнөн алгачкы үч күн ичинде мал союлуп, келгендерге тамак-аш берүүгө тыюу салынат. Ошондой эле үчүлүк, бейшембилик, жетилик, кыркылык жана ашта мал союп, элге тамак-аш берүүгө болбойт.
Кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып “жыртыш”, таратып берүү “бел боо”, “ак кийди”, “көк кийди” деген кийиттерди берүү ысырапкорчулукка жол берүү болот жана ага тыюу салынат. Мүрзөнүн үстүнө, мрамор таштардан, граниттен, темирден жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалгаланган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салынат.
Мындан тышкары себеби жок сөөктү эки-үч күн кармоого болбой турганы, шарият боюнча жерге эртерээк берилиши керектиги кошумчаланды. Фатваны аткаруу бардык Кыргызстан мусулмандары үчүн шарияттык милдет болуп эсептелери айтылды.
"Өлүк чыккан жерде катар-катар мал союп, той сыяктуу тамак-аш берип, ысырапкорчулук кылууга тыюу салынган. Себеби ушул үч күн шариятта аза күтүү күндөрү деп эсептелинет. Бул күндөрү өлүк ээлерине көңүл айтып, сабырдуулукка үндөө керек. Маркумга артынан жакшылык кылуу, сооп багыштоо бир гана мал союп аш берүү менен чектелбейт. Анын ордуна токтобой сообу жетип турган садаканын сообу көбүрөөк болот. Мисалы, мечит, медресе, мектеп, оорукана куруу, жол, көпүрө салуу, суу чыгаруу, бак отургузуу сыяктуу иштерди аткарса көбүрөөк сооп болот", - деп айтылат маалыматта.
Ислам шариятында маркумду акыркы сапарга узатууда сөөк чыккан үйдөн үч күнгө чейин казан асып, мал союлбайт, тамак берилбейт, сөөк чыккан үйдүн кошуналары ошол үйдөгүлөргө көңүл айтып, туугандары тамак алып келип туруусу жакшы иш. Бул кошуналардын жана туугандардын милдеттери. Жакын адамын жоготуп, кайгыга батып турган адамга, маркумдун короосундагы малын сойдуруп, аларга тамак жасатып, жеп отуруу шариятка туура келбейт. Маркумдун артында чыркырап балагат жашына жете элек жетимдер калган болуусу мүмкүн. Мындай учурда жаназага келгендерге мал союп тамак-аш уюштуруу арам болот.