Маданият министринин милдетин аткаруучу Мамбеталиев эмгек жамаатка тааныштырылды

Бүгүн, 22-февралда маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп жаңы дайындалган Мирбек Мамбеталиев эмгек жамаатына тааныштырылды. Бул тууралуу ведомстодон кабарлашты.
Жаңы жетекчини жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырып, жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады.
Мирбек Мамбеталиев 1980-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн.
Буга чейин ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары кызматын аркалаган. Андан кийин президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн уюштуруу иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору болуп иштеген. Мындан тышкары Кыргызпатентте коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенген.
Айта кетсек, 21-февралда Мамбеталиев маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан