Маданият министринин милдетин аткаруучу болуп Мирбек Мамбеталиев дайындалды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп Мирбек Мамбеталиев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Мамбеталиевдин талапкерлиги министрдин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Буга чейин аталган кызматты Алтынбек Максүтов аркалап келген.

Мамбеталиев Мирбек Кемелович 1980-жылы 18-ноябрда Ысык-Көлдүн Каракол шаарында туулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан