Блогер Аружан Бекешева турмуш жолуна аттанды. Атап айтканда, блогор казак жигити, блогер Бакытжан Молдашев менен баш кошту. Бул тууралуу видеону блогерлер социалдык тармактагы баракчаларына бөлүштү.
Видеодон түгөйлөр мечиттердин биринен нике кыйдырганын көрүүгө болот. "Кайырлуу нике болсун" деп жазды блогер.
Буга чейин Аружан Бекешева блогер Бакытжан Молдашев менен кыз-жигит экенин ачыктаган эле.
Белгилей кетсек, казак кызы Аружан менен кыргызстандык блогер Арген Асанов 2023-жылдын июль айында баш кошуп, 2024-жылдын июль айында эки жолго түшкөнүн жарыялашкан.