Блогер Арген Асанов менен Аруужан Бекешева эки башка жолго түшкөнүн жарыялашты (видео)

Блогер Арген Асанов менен Аруужан Бекешева ажырашканын Инстаграм социалдык баракчасы аркылуу билдиришти.

Аруужан өзүнүн Инстаграм социалдык баракчасына апасы, кайненеси, Арген төртөө жолугуп, сүйлөшкөнүн билдирди.

"Кайненемди, кайын журтумду сагынам. Ыраазычылык билдирем. Аябай катуу жакшы көрөмүн. Өмүр бою ал адамдардын алдында карыздармын. Бирок өмүр ушундай экен. Кудайым эки жолго кетүүнү буйруптур", - деп жазган Бекешева.

Ал эми Арген: "Мына, бул аягы. Бактылуу болсун. Бул үйдө бир гана жакшы элестер калды", - деп видео жарыялаган.

Буга чейин Блогер Аруужан Бекешева өзүнүн Инстаграм баракчасына жолдошу Арген Асанов кол көтөргөнү тууралуу жарыялаган.

Белгилей кетсек, Арген Асанов менен Аруужан Бекешева коңшу казак элинин “Бир болайык” долбоорунан бири-бирин жактырып, баш кошушкан.

Блогер Арген Асанов менен Аруужан Бекешова эки башка жолго түшкөнүн жарыялашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан