Ош облусунун Ноокат районунда 2012-жылы туулган С.А. аттуу өспүрүм короосунан асынган абалда табылды. Бул туурасында Ош ОИИБинин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалымдалгандай, милицияга Бел айыл аймагынан кабар келип түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык экспертизанын өткөрүүдөн ата-энеси жана жакын туугандары баш тарткандыктан, сырттан кароо жүргүзүлүп, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында дайынсыз жоголгон өспүрүм да асынган абалда кароосуз калган имараттан табылгандыгы айтылган.