Каракол шаарында дайынсыз делип изделип жаткан 17 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Ысык-Көл облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 21-февралда кароосуз калган имараттын короосунда белгисиз адамдын жансыз денеси асылып турганы кабарланган. Айтылган дарекке барган укук коргоо кызматкерлери маалыматтын чын экенине күбө болушкан. Текшерүү иштеринде маркум 2 күн мурун апасы жазган арыздын негизинде издөөгө алынган 17 жаштагы жаран экени белгилүү болгон. Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, эч кандай жаракаттар табылган эмес.
Учурада тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.