Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кечээ, 24-февралдын таңында тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Гапар Айтиев жана Бекмамат Осмонов көчөлөрүн кыдырып, тротуарларды кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштардан бошотууну тапшырган.
Мэриядан билдиргендей, Токторбаевдин эртең мененки кыдыруусунда берилген протоколдук тапшырмасына ылайык, Бекмамат Осмонов көчөсүндө жаңы сейил бакты куруу үчүн аймактагы кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштарды бузуу, эскирген, кароосуз калган бактардан тазалоо иштери жүрүп жатат.
Мындан сырткары калаа башчысы быйыл Ак-Тилек кичи районундагы айланма жолдон баштап Бекмамат Осмонов көчөсүнүн эки тарабына шаар тургундары үчүн веложол, тротуар менен бирге сейил бак куруу тапшырмасын койгон.