"Аккуу боло бербеңиз". Оштун мэри намаз окуганы кетип калган кызматкерин тилдеди (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кечээ, 24-февралдын таңында тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Гапар Айтиев жана Бекмамат Осмонов көчөлөрүнүн абалын көрүп чыкты.

Мэриядан билдиргендей, калаа башчысы аталган көчөнүн боюндагы тротуарларды кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштардан бошотуу, калыбына келтирүү жана көп кабаттуу үйлөрдүн жанында жайгашкан курулуштардын уруксат кагаздарын текшерип чыгууну тапшырды.

Токторбаев кыдыруу учурунда тапшырма берейин деп орун басарын таппай калды. Аны коштоп жүргөндөр багымдат намазын окуганга кеткенин айтышкан. Буга ачууланган мэр орун басарын келгенден кийин жемеледи.

"Молдочулук кылсаңыз, мечитке барып молдочулук кылыңыз. Биз иштеп жатпайбызбы. Мен деле намаз окуйм. Эртең менен турам, даарат алам, "коомат" айтам, эки рекет парз, болду кеттим. Же сиз өзгөчөсүзбү? Же бир жериңиз акпы? Өзүңүзчө эле апакай аккуу боло бербеңиз. Сага айтылбай канча тапшырма калып калды", - деди Токторбаев.

Мындан сырткары калаа башчысы быйыл шаардын бардык аймактарында жашыл аймактарды түзүүгө, гүлдөрдү жана декорациялык өсүмдүктөрдү отургузууга өзгөчө көңүл буруларын белгилеп, Ак-Тилек кичи районундагы айланма жолдон баштап Бекмамат Осмонов көчөсүнүн эки тарабына шаар тургундары үчүн веложол, тротуар менен бирге сейил бак куруу тапшырмасын койду.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан