Эки күндө үч өлүм. Ысык-Атада да короодон 11-класстын окуучусу асынган абалда табылды

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Будёновка айылында 11-класстын окуучусу асынган абалда табылды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, милицияга Бекназар көчөсүндөгү үйлөрдүн бириндеги короодо 2008-жылы туулган К.М. аттуу өспүрүм асынып алгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя саат 08:00дөр чамасында орун алган.

Жерине барган милиция сырттан кароо жүргүзүп, денесинде зордук-зомбулуктун белгилери аныкталбагандыгын билдирди.

Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат. Суициддин себептери такталып, тийиштүү экспертизалар дайындалгандыгы маалыматта кошумчаланган.

Белгилей кетсек, кечээ, 24-февралда да өспүрүмдөрдүн өзүнө кол салган окуялар Ош облусунун Ноокат районунда жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан