Орусияда жаңы төрөлгөн ымыркайга Трамп деген ысым ыйгарылды

Америка менен Орусиянын ортосундагы ынанымдуу мамилелерден улам Новосибирсктеги үй-бүлө жаңы төрөлгөн уулуна Трамп деген ысым ыйгарды. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.

Маалымдалгандай, ымыркайдын атасынын аты Владимир. Демек, наристе Трамп Владимирович болуп калды.

“Бул атты саясатташтыруу кажет эмес. Мунун көп этимологиясы бар. Бир нече жылдан кийин Трамп деген ат сейрек болуп калат. Балага адаттан тыш ат коюлушун каалайбыз”, - деген басылмаларга баланын атасы.

Ал ошондой эле Трамп учурда энеси менен төрөтканада экендигин билдирип, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү алына электигин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамптын тегинде немис жана шотланд улуту бар. Анын ата-бабалары XIX кылымдын аягында Германиядан Америка Кошмо Штаттарына миграция учурунда келишкен. Анын чыныгы аты алгач Drumpf болуп, АКШда Trump болуп өзгөргөн. Анын аты XVII кылымга таандык экендиги ачык булактарда айтылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан