АКШда президенттик шайлоодо добуш берүү аяктады. Жеңиш үчүн талапкерлер 270 шайлоочунун добушун алышы керек. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Дональд Трамп 277 добуш алса, демократ Камала Харрис 226 добуш алган.
Американын 47-президенти боло турчу саясатчы тууралуу ачык булактардан алынган кызыктуу фактылар:
1. Дональд Трамп соттуулугу бар АКШдагы биринчи президент. Ага карата сексуалдык зомбулук, жалаа жабуу, каржылык көз боёмочулук, президенттик шайлоого кийлигишүү жана жашыруун документтерди туура эмес сактоо беренелери боюнча иш козголгон.
2. Ал Американын тарыхында Өкүлдөр палатасы тарабынан импичмент жарыяланган үчүнчү президент жана 2019-жылы жана 2021-жылы эки жолу импичмент жарыяланган жалгыз мамлекет башчысы болуп калды.
3. Трамп президент болгонго чейин эч бир мамлекеттик кызматты ээлебеген жалгыз президент.
4. 13-июлда Пенсильвания штатынын Батлер Тауншип шаарында шайлоо өнөктүгү учурунда Трамптын кулагына ок тийип, бир өлүмдөн калган.
5. Forbes журналынын маалыматы боюнча Дональд Трамптын байлыгы 6 миллиард долларга бааланган. Бирок ага карабастан анын эң жактырып жеген тамагы – Макдональдстын гамбургери.
6. Трамп карьерасында алты жолу банкрот болгон.
7. Ал гермофобия менен жабыркайт. Трамп колду тазалоочу каражатты көп колдонот жана микробдордон жийиркенгендиктен кол алышуудан качат.
8. 13 жашында ал атасы Фреддин кыймылсыз мүлк бизнесинде иштей баштаган.
9. Трамп аскердик академияда 5 жыл окуган. Анын айтымында, бул жылдар аралыгында ал мыкты аскердик даярдыктан өтүп, лидерлик сапаттарды ошол жайдан өнүктүргөн.
10. Трамп алкоголдук ичимдиктерди жек көрөт. Анын себеби улуу агасы Фред ичимдикке берилип кетип, натыйжасында 42 жашында каза болгон.
11. Трамптын үч аялынан беш баласы бар. Анын тун уулу менен кичүүсү Бэррондун ортосундагы жаш айырмачылыгы 28 жаш. Жети небереси бар.
12. Трамп саясатка келгенге чейин "Один дома-2" жана башка тасмаларда эпизоддук ролдорду жараткан.
Белгилей кетсек, Республикалык партиянын талапкери Дональд Трамп Флоридада шайлоочуларынын алдында сүйлөп жатып шайлоодогу жеңишин жарыялаган. Трамп шайлоочуларга анын башкаруусу АКШнын тарыхында "алтын доор" болорун убада кылды.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда болду.