Мусулман коомчулугу чыдамсыздык менен күткөн Орозо айы башталганы турат. Кыргызстандыктар бул жылы орозону 1-марттан баштап кармап баштайт. SUPER.KG порталы ага утурлай орозо кармоодогу ар кыл эрежелерди эске салууну эп көрдү. Орозо тууралуу суроолорубузга Муфтияттын адал индустриясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр Токтогазы уулу жооп берди.
"Орозодо, баарыбызга белгилүү болгондой, таң аткандан күн батканга чейин тамак-аш, суусундуктан карманат. Орозо исламдагы негизги беш парздын бири, аны балагатка жеткен, акыл-эси ордунда болгон бардык адамдар кармайт. Орозонун алгачкы күндөрүндө унутуп калып тамак-аш жеп, суу ичип алышы мүмкүн. Бул нерседен орозо бузулбайт, эсине келген учурдан улантып кармай бериши керек", - дейт Бактияр Токтогазы уулу.
Орозодо эмнелерге уруксат берилет?
- Орозо кармаган адам шилекейин жутса болот. Кээ бирөөлөр "шилекейди түкүрүп туруш керек" деп айтышат, бул адамдагы табигый нерсе болгондуктан, жутса орозо бузулбайт.
- Орозо учурунда денеден, ооздон кан, ириң акса орозо бузулбайт. Бирок тиши же оозу канап кетип, ошол канды түкүрбөй жутуп алса, анда орозо бузулат.
- Орозо учурунда ооз чайкоого, сууга түшүүгө уруксат берилет. Бирок өтө этияттык менен, себеби оозго же кулакка суу кирип кетүүсү мүмкүн.
- Унутуп тамак жеп же суу ичип алса бузулбайт. Оозду чайкап алып, орозону уланта берсе болот.
- Бала эмгизип жаткан эне өзүн жакшы сезсе, балага зыяны тийбесе орозо кармаса болот. Негизи боюнда бар аялдар, этек кири келип жаткан кыз-келиндер, эмчек эмизген энелер, оорукчан адамдар орозодон бошотулат.
- Орозо учурунда тиш ооруп жатса, дарылатууга болот. Болгону дарылоо учурунда суюктук кекиртектен ары кетпеши зарыл.
- Орозо учурунда каалоосуздан кусуп жиберсе бузулбайт. Бирок атайлап кускан учурда орозосу бузулат.
- Баланы бетинен өөп эркелетсе болот. Чоңдор менен да өбүшүп учурашууга уруксат берилет. Болгону чектен ашып кетпеш керек.
Орозодо эмнелерге уруксат берилбейт?
- Орозо учурунда чылым чексе, орозосун бузуп коёт. Ал эми ооз ачкандан кийин чеккенге уруксат, эң жакшысы ыйык Орозо айында такыр эле чекпей койсо ошол жакшы болот.
- Орозо учурунда жубайлардын кошулуусуна болбойт. Эгерде кошулуп алса ооз ачылган болуп саналат. Бул үчүн орозо бүткөндөн кийин 60 күн тынбай кармоого туура келет.
- Орозо учурунда ийне сайдырганга, дары ичкенге болбойт.
- Ооз жабылгандан кийин тишти паста менен жууганга болбойт. Мисвак менен же тиш щёткасы менен жууганы туура болот.