Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарында "Digital Kyrgyzstan" эл аралык ПЛАС-форуму өтүп жатат. Ага мамлекеттик органдардын, финтех-компанияларынын, стартаптардын, венчурдук фонддордун, чет өлкөлүк жана жергиликтүү банктардын жана микрофинансылык уюмдардын, төлөм системаларынын, байланыш операторлорунун өкүлдөрү жана IT-адистери катышууда.
Иш-чарада ПЛАС-форумдун уюштуруу комитетинин тең төрагасы жана "PLUS Group'тун" башкы директору Константин Гризов форум ишкерлер үчүн уникалдуу аянтча экенин жана рыноктун өнүгүүсүнө байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн маанилүү платформа экенин белгиледи.
"ПЛАС-форум – бул рыноктун катышуучулары жана эксперттер үчүн натыйжалуу ишкердик баарлашуунун уникалдуу аянтчасы. Ал Борбордук Азия аймагынын экономикасын өнүктүрүүгө түрткү берет. PLAS-Форум – бул жөн гана келечек жөнүндө талкуулар эмес, рыноктогу өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга жардам берген конкреттүү кадамдар", – деди ал.
Ал билдиргендей, иш-чаранын жүрүшүндө 80ден ашык баяндамалар жасалып, көргөзмө зонасында 23 катышуучу компания өз продукцияларын, технологияларын жана кызматтарын көрсөтөт.
"Катышуу үчүн 1500дөн ашуун делегат арыз тапшырды. Форумда 80ден ашык спикер сөз сүйлөйт, ал эми көргөзмө бөлүгүндө 23 компания өз продукцияларын, технологияларын жана кызматтарын тартуулайт" – деди Константин Гризов.
Гризов кошумчалагандай, форум Кытай, БАЭ, Орусия, Улуу Британия, Швеция, Франция, Түркия, Сингапур, Португалия, Балтия өлкөлөрү, Кавказ жана Борбордук Азиянын өкүлдөрүн чогултту.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов өлкөнүн санариптик трансформациясынын негизги багыттарын белгилеп өттү.
Министрдин айтымында, Кыргызстандын санариптештирүү процесси үч негизги багытка негизделген. Биринчи багыт – жарандарды жеткиликтүү мамлекеттик санариптик кызматтар менен камсыз кылуу.
"Биздин максат – ар бир жаранга алардын жашаган жерине карабастан санариптик кызматтарга мүмкүн болушунча жеткиликтүү кылуу. Эгер ал чет өлкөдө болсо дагы. Бул багытта аткарыла турган иштер абдан көп.
Экинчи багыт - инновациялык технологиялар. Баарыбызга белгилүү болгондой жасалма интеллект жана блочейин технологиялары өлкө аймагында өнүгүп жатат. Алардын көрүнүктүү мисалы - жасалма интеллект - Акылай. Биз бул технологияларды андан ары өнүктүрүп, мамлекеттик кызматтардын бөлүгүндө колдонууну каалайбыз" – деп билдирди Азамат Жамангулов.
Министрдин айтымында, үчүнчү багыт – Санариптик кодексти иштеп чыгуу. Жамангулов бул документ парламентте биринчи окуудан өткөнүн, эми экинчи окууда карала турганын белгиледи.
Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты - Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө түрткү берүү, эл аралык кызматташтыкты колдоо жана жаңы келечектүү ири долбоорлорду өнүктүрүү болуп саналат.