"Ээси гана айдай алат". ИИМ оң рулдуу унааларды легалдаштыруу мыйзамын коомдук талкууга чыгарды

Президенттин жарлыгы менен мыйзамдаштырылган унааларды айдоо укугун ээсине гана берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Ички иштер министрлиги иштеп чыгып, 26-февралда коомдук талкууга койду.

Документ аталган унааларды катталган жарандан башка адамдын башкаруусуна чектөө киргизет. Эгер андай эреже бузуу аныкталса миң сом айып пул салынат. Мыйзамда бул норма өлкөгө мыйзамсыз унааларды ташып келүүнү алдын алары жазылат.

Буга чейин чет элдик номурдагы унааларды мыйзамдаштыруунун баасы 100 миң сом болору жана каттоодон өткөндөн кийин сатууга чектөө киргизилери айтылган. Депутат Дастан Бекешев 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттү аталган сумманы түшүрүүнү жана сатууга киргизилген чектөөнү алып салууга чакыргын.

Белгилей кетсек, өлкөгө мыйзамсыз ташылып келген деген оң рулдуу унааларды легалдаштыруу 1-марттан тарта этап-этабы менен ишке ашат. Мыйзамдаштыруу боюнча президент Садыр Жапаровдун жарлыгы январь айында чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан