Президент Садыр Жапаров чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу боюнча жарлыкка кол койду. Жарлык “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланды.
Бул жарлыкка ылайык, Министрлер кабинети эки айлык мөөнөттө чет өлкөлүк номурлуу автоунааларды каттоонун тартибин иштеп чыгышы керек. Андан ары Министрлер кабинетине 6 айдын ичинде чечим кабыл алып, мыйзамдаштыруунун тартибин аныктоо тапшырылды.
Легалдаштыруу үч этап менен өтөт.
Биринчи этапта бардык керектүү документтери бар унаалар мыйзамдаштырылат.
Экинчи этапта документтери жок, бирок техникалык талаптарга жооп берген унаалар каттоодон өткөрүлөт.
Үчүнчү этапта документи жок унаа ээлерине транспорт каражатын өлкөнүн чегинен тышкары алып чыгууга же тетик кылып сатууга уруксат берилет.
Белгилей кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзамсыз унаалар көчөдө жүрбөшү керектигин жана Кыргызстанда жүргөн оң рулдуу чет элдик номурлуу унаалар үч этап менен легалдаштырыла турганын айткан.