Орозо айында мечиттердин айланасында жол коопсуздугу күчөтүлөт

Орозо айында мечиттердин айланасында жол коопсуздугу күчөтүлөт. Бул тууралуу ЖКККББнын башчысы Жеңишбек Жоробековдун катышуусунда өткөрүлгөн онлайн-кеңешмеде белгилүү болду.

Ага жер-жерлердеги ЖКККБнын башчылары катышты. Анда буга чейин өткөрүлгөн жана өтүп жаткан рейддердин жыйынтыгы каралып, рейд учурунда көрсөткүчтөрү аз болгон жетекчилердин жоопкерчилиги каралды.

Кыргызстанда быйыл Орозо айы 1-мартта башталат.

Кеңешмеде Жоробеков Орозо айында ЖКККББнын кызматкерлерине жума жана таравих намазы учурларында жол жээктерине жакын жайгашкан мечиттердин айланасындагы жол тыгындарын жөнгө салуусу боюнча иш-мерчемдерди түзүп, коопсуздукту күчөтүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан