Кыргызстанда бул жылы Орозо айы 1-мартта башталат. Бул тууралуу маалыматты Муфтияттан ырасташты.
Маалыматка ылайык, 28-февралда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат.
Рамазан айында мусулмандар 30 күн орозо кармайт. Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат.
Белгилей кетсек, былтыр Орозо айы 11-мартта башталган болчу.