Белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев көзү тирүү болгондо бүгүн, 3-мартта 64 жашка чыкмак.
Бопуш деген ат менен таанымал болгон актёр, куудул Марат Жанталиев Нарын облусуна караштуу Кара-Кужур айылында 1961-жылы 3-мартта туулган. Ал Москва шаарындагы кинематографиялык институтту бүтүрүп, бир катар тасмаларда роль жараткан. Актёр көп жылдар бою Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенген.
Марат Жанталиев "Саякбай" тасмасында Саякбай манасчынын образын да жараткан. Улуу манасчынын өмүрү менен өнөрүн баяндаган тасма баштан аяк Саякбай манасчы менен атактуу Чыңгыз Айтматовдун маегинен, эскерүүлөрүнөн турат. Саякбай манасчынын жубайы Бейшекан апанын образын актриса Тынара Абдразаева жараткан.
Улуу манасчы тууралуу тасманы режиссёр Эрнест Абдыжапаров жараткан. Анын көп бөлүгү Саякбайдын туулуп өскөн жери Тоң аймагында тартылган. Аталган тасма 2016-жылы тартылып бүткөн.
Тасма тууралуу актёр 2017-жылы "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде айтып өткөн. Анда ал "Саякбай" тасмасына тартылганы, өлкөдөгү таланттардын бааланышы, өзүнүн кулк-мүнөзү жөнүндө кенен маек курган.
Марат Жанталиевдин чыгармачылыгы актриса Айнура Турганбаеванын чыгармачылыгы менен катарлаш болду. "Сакиш, Бопуш" тандеми көптөгөн интермедия, сатира, тасмаларды жаратып, маданият сүйүүчүлөрдүн эсинде калды.
Кыргыз маданиятына өмүрүнүн дээрлик көп бөлүгүн арнаган Жанталиев менен Турганбаева "Супер-Инфо" гезитине тасма талаасында басып өткөн жолу тууралуу маек беришкен. Маекти бул шилтеме аркылуу кирип окуңуз.
Марат Жанталиевдин тасмаларда жараткан ролдору элдин эсинде калды. Ал "Боз салкын", "Президент жана бомж", "Саякбай", "Сундук предков", "Ак илбирстин тукуму", "Курманжар датка" жана башка бир топ тасмаларда роль жараткан.
Жанталиев өмүрлүк жубайы Асел Дооронбаева менен 30 жыл бирге жашаган. Түгөйлөр 3 баланын ата-энеси. Актёрдун жубайы менен бирге курган маектерин шилтеме аркылуу окуй аласыз.