Биз социалдык тармакта

Артында 30 жыл чогуу өмүр сүргөн жубайы, 3 баласы калды. Марат Жанталиевдин берген маектери жана тартылган тасмалары

Бүгүн, 9-июнда кыргыз маданияты дагы бир улуу инсан, чоң талантынан айрылды. Калың элге "Бопуш" деген ат менен белгилүү болгон атактуу актёр Марат Жанталиев 59 жашында оорудан улам мезгилсиз дүйнө салды.

"Кыргыз болуп Кыргызстанда туулганыма сүйүнөм. Мекенимди сүйөм. Мен ушул турган турпатым менен патриотмун. Патриот болгон үчүн көчөдөгү кичинекей кагазды да алып таштанды челекке салам. Канча айлык албайын топук кылып, башка кесиптин эшигин какпай, чет өлкөгө кетпей иштеп келе жатам".

Бул Марат Жанталиевдин 2017-жылы "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде айтканы. Анда ал "Саякбай" тасмасына тартылганы, өлкөдөгү таланттардын бааланышы, өзүнүн кулк мүнөзү жөнүндө кенен кеп кылган.

Жанталиев өмүрлүк жубайы Асел Дооронбаева менен 30 жыл чогуу жашаган. Түгөйлөр 3 баланын ата-энеси. Алар бекем үй-бүлө куруунун сырлары тууралуу бул маегинде айтып беришкен. Маектин видеосун бул шилтемеден көрө аласыздар.

Марат Жанталиевдин чыгармачылыгы актриса Айнура Турганбаеванын чыгармачылыгы менен катарлаш болду. "Сакиш, Бопуш" тандеми көптөгөн интермедия, сатира, тасмаларда жазылып, маданият сүйүүчүлөрдүн эсинде калды. Кыргыз маданиятына өмүрүнүн дээрлик көп бөлүгүн арнаган Жанталиев менен Турганбаева "Супер-Инфо" гезитине тасма талаасында басып өткөн жолу тууралуу маек беришкен. Шилтеме аркылуу кирип интервьюну окусаңыз болот. Видеомаек бул шилтемеде.

Актёр, куудул Марат Жанталиев Нарын облусунун Кара-Кужур өрөөнүндө туулган. Москва шаарындагы Кинематографиялык институтту бүтүргөн. Марат Жанталиев көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенип келген.

Тартылган тасмалары:

"Боз салкын",

"Президент жана бомж - 1",

"Президент жана бомж - 2",

"Саякбай",

"Сундук предков",

"Ак илбирстин тукуму",

"Курманжан датка" жана башкалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
vikidiki
2020-06-09 19:15:56
Ыйманы саламат болсун! Таланттуу актёр эле.
+8
Rusi79
2020-06-09 19:16:45
Суук кабар,таланттуу актер эле,жалган дуйно деген ушул да,жакындарына конул айтам.
+7
Nur777
2020-06-09 20:24:53
Абдан суук кабар!Дагы жашап,дагы коп-коп кинолорго тартылып,талантын тартууласа болбойт беле(((((аттин....
Жубайына,балдарына,бир туугандарына сабыр тилейм.
Агабыздын жаткан жери жайлуу болсун,бейишке кирсин...
+7
Tymar
2020-06-10 13:01:26
Тенирим жаткан жерин жай кылсын
-2
suban78
2020-06-10 15:43:43
Жаткан жери жайлуу болсун. Жакындарына, туугандарына конул айтам
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан