5-март – Ак калпак күнү. Улуттук баш кийим тууралуу кызыктуу баян 

Бүгүн, 5-март кыргыз элинин улуттук баш кийими – Ак калпак күнү. Бул күн 2011-жылы жарыяланып, 2016-жылдан тарта расмий түрдө белгиленип келет.

Датаны утурлай SUPER.KG порталы улуттук баш кийим ак калпак тууралуу кызыктуу макала даярдады.

Калпак кантип жасалат?

Калпактын сапаты кийизге жана жүнгө байланыштуу. Эгерде жука кийизден жасалса, анда көпкө чыдабайт. Ал эми жакшы, калыңыраак кийизден жасалган калпакты 20 жылга чейин кийүүгө болот.

Калпак жасаган мурдагы уздардын айтымында, койдун жүнүнө караганда козунун жүнүнөн жакшы калпак чыгат. Андай калпак кийгенде жеңил, ыңгайлуу болот. Мурда калпакка керектелүүчү кийизди жай мезгилинде камдашкан. Себеби бул учурда жүн ойдогудай, жакшы кургайт. Ал эми азыркы шартта кол өнөрчүлөр жылуу, заманбап жайларда кургатып алышууда.

Калпактын түрлөрү

Кыргыздар калпакты кийген адамдын коомдогу ордуна жараша ар кандай атап, ошого жараша жасашкан. Алар: айры калпак, тилик калпак, туюк калпак, хан калпак, бакай калпак, киш калпак, төрт талаа калпак, эки талаа калпак деп айтылган.

Калпакты тигилиши боюнча үч топко бөлүп караса болот. Биринчиси, калпактын кийизи кесилбестен уютулуп жасалат, экинчиси, эки тилкеге бөлүнүп бычылат, үчүнчүсү, төрт тилкеге бөлүнүп даярдалат. Алгачкы калпактар кийизден уютулуп жасалган, аны уютма калпак же туюк калпак деп аташкан. Мындай калпактар бычылбай жүндөн уютулуп жасалып, чоң чеберчиликти талап кылган. Ал эми тилик калпактар төрт талаасы кыюуланбайт да, ак жип аркылуу бириктирилип, эки жеринен чоңураак тилик калтырылып жасалган.
Калпакты ар кыл курактагылар, даражадагылар ар түрдүү калпак кийген. Калпактын өңү, ага түшүрүлгөн оймо жана кырлары аркылуу ээси жөнүндө маалымат алса болот. Жеткинчектердин калпагына Умай эненин элесин берген ою-чийме түшүрүлгөн. Чачысына бирөөлөрдүн көзү тийбесин деген сактануу менен көз мончок менен шуру өткөрүшкөн. Боз улан жана жигиттердин баш кийими кырларындагы өзгөчөлүктөргө жараша айырмаланган. Калпагынын кыры кызыл болсо, үйлөнүүгө даяр деген түшүнүктү айткан. Кыры күрөң түстөгүлөрдү үйлөнүп-жайлангандар, кара кыргактууларды орто курактагылар кийген. Аксакалдарга ак калпак мүнөздүү болгон. Алардын баш кийиминин кыюусу гана шөкөттөлгөн.

Калпактын мүчөл жашка карата тандалышы

  • Мүчөл жашка чейинкилер – 1 жаштан 12 жашка чейинки балдардын калпагынын кийизинин түсү ак, көк, чөп жашыл, ачык күрөң болуп, кыюусу да адатта жашыл, көк сыяктуу ачык түстөр менен кооздолгон;
  • 1 мүчөл – 13 жаштан 24 жашка чейинкилердин калпагы ак түстө болуп, жашыл кездеме менен кыюуланат. Жашыл түс жаштыктын, ѳсүүнүн түсү деп белгиленген;
  • 2 мүчөл – 25 жаштан 36 жашка чейинки жигиттер кыюусу көк болгон ак калпак кийишкен. Бул куракта ал мырза бир үйдүн ээси болуп, ѳзүнчѳ түтүн булатат. Кѳк түс – асмандын өңү;
  • 3 мүчөл – 37 жаштан 48 жашка чейинки кишилер ак калпак кийип, кыюусу күрөң, жердин түсүндѳ тигилген;
  • 4 мүчөл – 49 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге кыюусу ачык күрөң, буудай түскө боёлгон ак калпак сунушталса, 5 мүчөлгө — 61 жаштан 72 жашка чейинки аксакалдарга кыюусу ак түстѳгү калпак туура болгон;
  • 6-мүчөл – кыюусу ак-кара болгон ак калпак 73 жаштан улуулардын баш кийими деп эсептелген, себеби бул курактагы аксакалдар акты ак, караны кара деп уулдарына кеңеш берип, насаат айткан.

Калпактын башка баш кийимдерден артыкчылыгы

Калпак жасалган уяң жүн терди жакшы сиңирет. Ал өзүндөгү суунун бир бөлүгүн сиңирип алгандыктан аны кийген адамдын башы тердебей кургак жүрөт. Жүндүн кылдарындагы миллиондогон аба жаздыкчалары суукта да, ысыкта да жылуулукту жакшы сактап турат. Кийизден жасалган калпак күндүн ден соолукка коркунуч алып келген ультрафиолет нурун адамдын мээсине өткөрбөйт.

Ак калпак тууралуу кызыктар

2016-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенттери бийиктиги 3 метрге жеткен калпак жасап, "Ала-Тоо" аянтына алып чыгышкан. Ал эми бир калпакты жасоого 230 грамм кийиз кетет.

Кыргызстандагы сакталып турган эң байыркы калпакка орточо эсеп менен алганда 300 жыл болду. Учурда калпак сатуучу жерлерде калпактын орточо баасы 500 сомдон 4500 сомго чейин сатылат.

Мурдагы кыргыздар калпакты чоочундарга эч качан белекке берген эмес. Абдан сыйлаган, даражасы бийик конокторго ат мингизип, чепкен жапкан. Бирок баш кийим тартууланган эмес.

Бүгүнкү күндө өлкө аймагынан калпактын 100гө жакын түрүн кезиктирүүгө болот.

Жакшы жасалган калпактар ээси барктап кийсе 20 жылга чейин чыдайт.

Бир калпакты уз эки саат убакытта тигип бүтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан