Бүгүн, 5-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек ара келишими менен Ворух анклавына траспорттук коридордун берилишин катачылык катары баалады.
Ал бул маселеде Тажикстан максатына жеткен деп билерин айтып, нейтралдуу макам берилген Төрт-Көчөнүн тарыхына токтолду.
"2003-2004-жылдары Тажикстан Айгүл-Таш–Канибадам деген электр ЛЕП өткөргөнгө биздин Баткен районунан 104 гектар жер алган. Алар макулдашуу боюнча бизге анын ордуна Миң-Өрүк–Самаркандек жолун бериши керек болчу. Биз ал келишимди толук түрдө ратификация кылдык, бирок тажик тарап ратификация кылбай койгон. Ошондо мен 2005-жылы революциядан кийин губернатор болуп барганда биринчи ошол жолго көңүл бургам. Биз үчүн ал жол өтө маанилүү болчу, анткени тажик тарапка транспорттук жактан көз каранды болчубуз.
Алар ратификация кылбаганы аз келгенсип, ал жактагы жерлерди жарандарына берип койгон экен. Анан ал жарандар бизден компенсация талап кыла баштаган. А биз ал жолду куруу үчүн Европа биримдиги менен сүйлөшүп, 6 миллион евро алганбыз. Ошондо жол куруу мүмкүнчүлүгү жок болуп калды, анткени 6 миллиондун жарымы эле компенсацияга кетип калмак. Мен Европа биримдиги менен кайра сүйлөшүп, 10 миллион евро бөлдүрүп, башка айланма жол салдыра баштагам. Ал Төрт-Күл суу сактагычы, Көк-Таш айылы, Головной, Ак-Сай анан Равват аркылуу өтмөк. Бирок мен губернаторлуктан кеткенден кийин Транспорт министрлиги жол Көк-Ташка жеткенде Головнойдү көздөй эмес, жолду Төрт-Көчөгө буруп жиберген.
Ошондо анан Төрт-Көчө көйгөйү пайда болгон. Тажиктер буга тоскоолдук кылып, талашып-таршып жатканда Адахан Мадумаров барып, ал жерди ижарага алып салган. Ошондон баштап Төрт-Көчө тажиктердики болуп эсептелип калган", - деди ал.
Эске салсак, 27-февралда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоонун алкагында кайсы аймактарды алмашышканын Жогорку Кеңеште айтып берген. Анда атайын кызмат башчысы Төрт-Көчө тилкеси нейтралдуу макамга ээ болгонун, Кыргызстан менен Тажикстан бирдей пайдаланарын билдирген болчу.