Ташиев Төрт-Көчө нейтралдуу макамга ээ болгонун айтты

Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу болуп келген Төрт-Көчө тилкеси нейтралдуу макамга ээ болуп, Кыргызстан менен Тажикстан бирдей пайдаланат. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

"Баягы ызы-чуу болгон Төрт-Көчө нейтралдуу макамга ээ болду. Ортодо 10 метр жол, эки жагынан 15 метрден жер коопсуздук тилкеси болуп, жалпы 40 метр тилке нейтралдуу болду. Ал жерди эки тарап тең пайдалана беребиз. Төрт-Көчө маселеси ушу менен чечилди", - деди Ташиев.

Ошондой эле ал Төрт-Көчө боюнча айта турган сөзү өтө көп экенин белгилеп, аларды кийинчерээк айтууну убадалады.

"Азыр айтып ийсем да бир нерсе болуп жүрбөсүн. Буга чейинки биздин чиновниктердин Төрт-Көчө боюнча жасап келген иштери чыккынчылык болгонун мен дагы бир жолу айтып коёюн. Мен муну силерге кийинчерээк жакшылап түшүндүрүп берем", - деди атайын кызматтын башчысы.

Парламентте төмөндөгү үч документ боюнча макулдашуу долбоорлору каралууда:

- Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим;
- эки мамлекет ортосундагы автоунаа жолдорун куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу;
- эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жетүүнү камсыз кылуу боюнча макулдашуу.

Бул үч документ эки мамлекеттин парламенттеринде ратификациядан өтүп, ага президенттер кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Эске салсак, 21-февралда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов комиссиялар толук макулдашууга келгенин жарыялашкан.




Жогорку Кеңеш 27.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан