Бишкек шаарында бүгүн, 5-мартта өлкөгө Абхазиядан, Армениядан келген унаалардын ээлери нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларда жазылып жатат.
Маалыматка ылайык, нааразылык акциясына чыккандар унааларды мыйзамдаштыруу үчүн өкмөт тарабынан сунушталган 100 миң сомго каршы. Ошондой эле алар унааларга катталган аймагына жараша номур берүүнү суранышкан.
Белгилей кетсек, буга чейин чет элдик номурдагы унааларды мыйзамдаштыруунун баасы 100 миң сом болору жана каттоодон өткөндөн кийин сатууга чектөө киргизилери айтылган. Депутат Дастан Бекешев 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттү аталган сумманы түшүрүүнү жана сатууга киргизилген чектөөнү алып салууга чакыргын.
Өлкөгө мыйзамсыз ташылып келген деген оң рулдуу унааларды легалдаштыруу 1-марттан тарта этап-этабы менен ишке ашат. Мыйзамдаштыруу боюнча президент Садыр Жапаровдун жарлыгы январь айында чыккан болчу.