Ак-Суу районунун Курбу айылдагы мектепте 15 окуучудан кургак учук аныкталды деген маалыматка Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, аталган аймактын тийиштүү адистери иш алып барып, учурда окуучулар арасында кургак учук оорусу жок экенин аныкташкан.
"Жогорку Кеңештин депутатынын билдирүүсү боюнча облустук фтизиатрия борбору жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтар бул маалымат боюнча иш алып барып, учурда окуучулардын арасында кургак учуктун массалык жайылышы боюнча расмий тастыкталган маалымат жок экендигин аныкташкан. Ысык-Көл облусунда туберкулёздун алдын алуу жана аны дарылоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында бардык билим берүү мекемелеринде, анын ичинде аталган мектепте, окуучулар медициналык кароодон үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Бул маселе саламаттык сактоо органдарынын көзөмөлүндө", - деп жазылат маалыматта.
Ошону менен катар аталган мектептин авариялык абалы облус жетекчилигинин көзөмөлүндө болуп, учурда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү маселеси каралып жатканы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, кечээ, 5-март Жогорку Кеңештин жыйынында депутат
Камила Талиева Ысык-Көл облусундагы мектепте 15 окуучудан кургак учук аныкталганын айтып, мектептин эскилигин билим берүү министрин көрүп келүүгө
чакырган.