Депутат: "Быйыл Ысык-Көлдүн Курбу айылындагы 15 окуучудан кургак учук аныкталды" (видео)

Бүгүн, 5-март Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Ысык-Көл облусундагы мектептердин биринен жылда окуучулардын арасында кургак учук табылып жаткандыгын айтып, мектептин эскилигин билим берүү министрин көрүп келүүгө чакырды.

“Билим берүү министри барып көргөнбү же көргөн эмеспи? Мага ата-энелерден кат келди. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Курбу айылдагы Чынтемир Осмонов атындагы 11 жылдык мектепте жыл сайын кургак учук илдетинин таякчалары табылып, балдар Чолпон-Атадагы реабилитациялык борбордо дарыланып жатат. Былтыр 5-6 бала 9 ай дарыланып жаткан. Быйыл болсо 15 окуучу жатыптыр. Мектеп жараксыз, сыз, полдору чириген абалда. Авариялык абалдагы мектептин ата-энелери кайрылып жатат. Билим берүү министрлиги ушуга окшогон нерселерди караш керек. Депутаттардын артынан сая түшпөстөн”, - деп билдирди Талиева.

Ошондой эле 12 жылдык билим берүү системасына каршы экендигин кесе айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Камила Талиева 12 жылдык эмес, 10 жылдык билим берүүгө өтүү керектигин айтып, билим берүү системасын сынга алган.

05.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан