Түркияда эми өрт өчүрүүдө робот-иттер колдонула баштайт 

Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министрлиги өлкөдө өрт өчүрүүдө робот-иттерди колдонууну көздөп жатканын билдирди. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.

"Жаңы технологиянын аркасында робот-иттер ири өнөр жай ишканаларында жана маанилүү объектилерде өрткө каршы иштериди баштайт. Швециялык Securitas коопсуздук компаниясы эми Түркияда өрт өчүрүү кызматын көрсөтөт", - деп жазылат маалыматта.

Мындай өзгөртүүлөр январь айында 78 адамдын өмүрүн алган ири өрттөн кийин жарыяланды.

Белгилей кетсек, 21-январга караган түнү Түркиянын Болу провинциясындагы Карталкая лыжа базасында жайгашкан мейманканада ири өрт кырсыгы катталган. Өрт чыккан учурда мейманканада 234 адам болгону айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан