21-январга караган түнү Түркиянын Болу провинциясындагы Карталкая лыжа базасында чыккан өрттүн кесепетинен кеминде 66 адам каза болуп, 51 киши жараат алды. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая билдирди.
Ал белгилегендей, окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Жабыркагандардын айрымдарынын абалы оор.
Өрт 12 кабаттуу Grand Kartal мейманканасында жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:27де башталган. Жыгач мейманкананын төртүнчү кабатындагы ресторанда тутанган тилсиз жоо тез эле бүт имаратты каптаган. Куткаруу иштери мейманкананын тоонун боорунда жайгашканына байланыштуу татаалдашкан. Окуя болгон жерге биринчи келген өрт өчүрүүчү унаа саат 04:15те өрттү өчүрүүгө киришип, жалпысынан 10 саатка жакын убакыт кеткен.
Өрт чыккан учурда мейманканада 234 адам болгону айтылат. Кеминде эки адам паникадан терезеден секирип каза болгон. Айрымдары шейшеп, жууркан менен бөлмөлөрүнөн чыгууга аракет кылышкан.