Кыргызстан Вьетнам менен билим берүү системасында кайсы багыттар боюнча кызматташат?

Кыргызстан менен Вьетнам билим берүү тармагында кызматташат. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Айта кетсек, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Вьетнамга болгон сапарынын алкагында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Вьетнамдын билим берүү жана кадрларды даярдоо министри Нгуен Ким Шон менен биргеликте эки тараптуу кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.
"Документте студенттердин академиялык алмашуусу, биргелешкен билим берүү жана илимий иш-чараларды өткөрүү, эки өлкөнүн ЖОЖдорунун кызматташтыгы каралган. Келишимди ишке ашыруу эл аралык билим берүү байланыштарын бекемдейт, академиялык мобилдүүлүктү жогорулатат жана студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан