Ханойдо Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Вьетнамга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Адылбек Касымалиев менен Вьетнамдын Премьер-министри Фам Минь Тинь биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге да кол коюлду:

- Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Эки өлкөнүн Юстиция министрликтеринин ортосундагы укуктук кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму;

- Кыргызстан менен Вьетнамдын Жарандык авиация башкармалыктарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан