Бишкектин четиндеги "Азамат" унаа базарынын жанындагы ипподромдо болгон окуя боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.
Милициянын маалыматына ылайык, бүгүн, 12-мартта саат 10:00дө Нооруз майрамына карата уюшулган көк бөрү мелдеши башталган. Мелдештин жүрүшүндө Сокулуктун “Бөрүлү” командасы менен Оштун “Бүркүт” командасы кез келген. Оюн башталгандан 10-15 мүнөт өткөндө оюнчулардын бири кагылышуудан улам аттан кулап, эсин жоготкон.
"Оюн дароо токтотулуп, окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы чакырылган. Бирок, тилекке каршы, жабырлануучу 1980-жылы туулган С.М. ооруканага жетпей каза болгон", - деп билдиришти Ленин РИИБинен.
Буга чейин көк бөрү мелдешинде "Бөрүлү" командасынын капитаны Мирлан Сраждинов атаандашы менен кагылышып, ошол жерден каза болгону кабарланган.