Бишкекте өтүп жаткан көк бөрү мелдешинде бир улакчы каза болду (видео)

Бишкектин четиндеги жаңы ипподромдо өтүп жаткан Ноорузга карата көк бөрү боюнча турнирде бир улакчы каза болду. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн тастыкташты.

Кырсык бүгүн, 12-мартта Сокулуктун “Бөрүлү” жана Оштун “Бүркүт” командаларынын ортосундагы беттеш учурунда болгон. Оюн учурунда "Бөрүлүнүн" оюнчусун атаандашы ат менен сүзүп алып, жыйынтыгында ал ошол жерден каза болгон.

Каза болгон улакчы "Бөрүлүнүн" капитаны Мирлан Сраждинов экени айтылды.

Бул факты милиция тарабынан кырсык катары катталды.

Бишкектеги көк бөрү оюнунда улакчы каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан