Көк бөрү федерациясы Мирлан Сраждиновдун өлүмү боюнча билдирүү жасады

Бүгүн, 12-мартта “Көк бөрү” федерациясынын кезексиз чукул жыйыны өтүп, Нооруз турнири учурундагы “Бөрүлү” жана “Бүркүт” командалары ортосундагы оюн талкууга алынды. Бул туурасында мекемеден кабарлашты.

Айта кетсек, Нооруз майрамына карата уюштурулган турнирдин биринчи оюнундагы "Бөрүлү" - "Бүркүт" командаларынын беттешинде "Бөрүлүнүн" капитаны Мирлан Сраждинов кагылышуудан улам каза болгон.

Маалымдалгандай, оюнчуга өз учурунда медициналык жардам көрсөтүлгөн.

"Башкы калыс Эржигит Усаров оюн учурунда “Бөрүлү” командасынын капитаны Мирлан Сраждиновго карата эреже бузуу болгондо, оюндун калысы дароо оюнду токтоткон. Кырсыкка учураган оюнчунун абалы оорлоп баратканын көргөн оюнчула медициналык автоунаага чейин көтөрүп барышкан. Оюн көпкө тыныгуу алып, кийинки оюндун убактысы башталгандыктан, кийинки жуптагы командалар оюн талаасына чакырылган. Жаракатка учураган Мирлан Сраждинов бул өмүр менен кош айтышкандан кийин башкы калыс дароо оюнду аны менен турнирди белгисиз мөөнөткө токтотуу тууралуу чечим кабыл алган", - деп айтылат маалыматта.

Федерациянын президенти Рамис Жунусалиев өлүм коштолгон окуя көк бөрү тарыхындагы кара күн болгонун белгилеген. Ошондой эле 13-14-март Көкбөрү федерациясында аза күтүү күнү деп жарыяланып, ал эми Нооруз турнирин 15-март күнү жандантуу чечими жыйында кабыл алынгандыгы маалыматта кошумчаланган.

Көк бөрү федерациясы маркум Мирлан Сраждиновдун үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Маалымат үчүн: Нооруз турнири жылда Спорттун улуттук түрлөрү боюнча мамлекеттик дирекциянын календарлык планы менен өткөрүлөт. Анда көкбөрү, ат чабыш, эр эңиш жана башка ат оюндары уюштурулат. Көкбөрү оюндары 12-мартта башталып, 21-март Нооруз майрамына карата жыйынтыкталмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан