Мекенчил жарандар жол тескөөчүлөрүнө ооз ачарлык таратышты. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.
"Өлкөбүздө өтүп жаткан мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда шаарыбызда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жаткан кызматкерлерге мекенчил жарандар ооз ачарга ылайык чакан баштыкчаларды таратышты", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Чүй облустук милициясы айдоочуларды токтотуп, ооз ачарлык тараткан кызматкерлеринин видеосун жарыялаган болчу.