Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мусулмандардын Орозо айында айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
"Милиция кызматкерлери тарабынан Сосновка айылындагы "Толкун" постунда орозо кармаган айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө суу жана курма таратуу уюштурулду. Иш-чаранын максаты – жарандарга колдоо көрсөтүү жана жагымдуу маанай тартуулоо", - деп айтылат маалыматта.