АКШнын Йеменге жасаган соккусунан улам 53 жайкын тургун набыт болду

Хуситтер көзөмөлдөгөн Йемен аймагында АКШнын жасаган соккусунан улам каза болгондордун саны 53кө жетип, кеминде 98 киши жаракат алды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Козголоңчу кыймылдын бийлиги каза болгондордун баары карапайым адамдар экенин белгилеген.

Белгилей кетсек, 15-мартта АКШнын Куралдуу күчтөрү президент Дональд Трамптын буйругу менен Йемендеги хуситтер көзөмөлдөгөн аймактарга массалык сокку ура баштаган. Анда операция америкалык кемелерди коргоого жана Кызыл деңизде навигация эркиндигин калыбына келтирүүгө багытталганы айтылган.

Кечээ, 16-мартта Бириккен Улуттар Уюму АКШны максималдуу сабырдуулукка жана Йемендеги бардык аскердик операцияларды токтотууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан