Трамп Йемендеги хуситтерге каршы аскердик операция баштады

АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык аскерлерге Йемендеги хуситтерге каршы “чечкиндүү жана күчтүү” аскердик операция баштоону буйруду. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагында ишемби күнү, 15-мартта жазды.

Анын айтымында, аскерлер америкалык кемелерди коргоо жана Кызыл деңизде навигация эркиндигин калыбына келтирүү үчүн топтун базаларына, лидерлерине жана ракетадан коргонуу системаларына "учурда" абадан сокку урууда.

"Мен Америка Кошмо Штаттарынын аскерлерине йемендик террористтерге: хуситтерге каршы чечкиндүү жана күчтүү чараларды көрүүнү буйрудум. Силер бүгүн чабуулдарды токтотушуңар керек. Болбосо, буга чейин көрбөгөн тозок азаптарына туш болосуңар. ", - деп жазган Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагында.

Трамп хуситтерди америкалык жана башка кемелерге, учактарга жана учкучсуз учактарга каршы "каракчылык, зордук-зомбулук жана терроризм боюнча туруктуу кампания" жүргүзүп жатат деп айыптады. Ал АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин аракеттери жетишээрлик катаал болбогонун, ушул себептен хуситтер чабуулдарын улантканын баса белгиледи.

Трамп топтун кемелерге чабуулун токтотуп, аймакта коопсуздук калыбына келгенге чейин соккулар улана турганын айтты. Ал ошондой эле Иранды коркутуп, хуситтерди колдоону “дароо токтотууну” талап кылды жана Тегеран мындан аркы кийлигишүүсү үчүн жооп берерин убада кылды.

Хусилерге таандык Al Masirah телеканалы Йемендин борбору Санага абадан сокку урулганын билдирди. Хусилер башкарган саламаттыкты сактоо органдары АКШнын аба соккуларынан кеминде 19 киши каза таап, 11 киши жарадар болгонун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан