Бүгүн, 18-марттагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Жанар Акаев аткаруу бийлигиндеги кызмат ордуна тажрыйбаны талап кылбаган мыйзамдын оң да, терс да жактары бар экенин айтты.
"20-30 жыл мамлекеттик кызматтарда иштегени менен, жеткен бюрократтар бар. Кабинеттен чыкпаган, кагаз менен гана отурган, бир да реформа жасаганды каалабаган жетекчилер бар. Булардын ордуна кичине анча-мынча дүйнөнү көргөн, эл аралык тажрыйбасы бар жаштар келгенинин жакшы жагы да бар. Аткени бүт жерде бюрократия, кезек күтмөй, мына ушуларды жеңилдете турган кадрлар келсе жакшы болмок...
Бирок чет жерде иштеп келгендин баары эле идеалдуу болбойт. Мына көп жерде иштеген Теңиз Бөлтүрүк деген киши келип, "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингин түзүп, чет жакта иштеген мыкты балдардын көбүн чакыртты... Эми ошол Теңиз Бөлтүрүккө ишенип, АКШда жумушун таштап келген балдардын бардыгы көчөдө калып, үмүтү өчкөнүнөн кайра кайтып кетишти. Мына ушундай акыбалдар болбошу керек да", - деди ал.
Аталган комитеттин бүгүнкү отурумунда аткаруу бийлигиндеги кызмат ордуна тажрыйбаны талап кылбаган мыйзам долбоорун демилгечинин бири, депутат Марлен Маматалиев тааныштырып, долбоордо аткаруу бийлигиндеги кызматтык орунга муктаждык жаралган учурда ал тармакта иштебеген, бирок ошол эле учурда билимдүү, уюштуруучу жарандарды тартуу каралганын билдирди. Ал мындай кадам керек болсо Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүн өркүндөтөт деп эсептей турганын айтты.
Анда эл өкүлү Нурбек Сыдыгалиев бул туура эмес норма экенин айтып, аткаруу бийлигинин жетекчилик кызматтарын аркалоодо иш тажрыйбасы маанилүү экенин белгиледи. Ал бир күн да ошол тармакта иштебеген адам ал тармакка жетекчи болууда натыйжа көрсөтө албайт деп эсептейт. Сыдыгалиев сунушталган мыйзам менен ишкерлер дагы министрлик кызматка келип калышы мүмкүндүгүн эске алып, мамлекеттик кызматкер менен ишкердин максаттары башка болот дейт.