"Чет өлкөдө окуса акылдуу болуп калабы?" Эки депутаттын бир мыйзамга болгон көз караштары

Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында аткаруу бийлигиндеги кызмат ордуна тажрыйбаны талап кылбаган мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзамдын демилгечилеринин бири, депутат Марлен Маматалиев долбоордо аткаруу бийлигиндеги кызматтык орунга муктаждык жаралган учурда ал тармакта иштебеген, бирок ошол эле учурда билимдүү, уюштуруучу жарандарды тартуу каралганын билдирди. Ал мындай кадам керек болсо Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүн өркүндөтөт деп эсептейт.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев бул туура эмес норма экенин айтып, аткаруу бийлигинин жетекчилик кызматтарын аркалоодо иш тажрыйбасы маанилүү экенин белгиледи.

"Эми бул мыйзамды фракциянын лидерлери чогулуп жазыптыр. Деги Министрлер кабинетинин төрагалыгына биздин депутаттардан эч ким барбайбы?.. Анан, сиз кандай ойлойсуз, чет өлкөгө барып окуса эле акылдуу болуп калабы? Тажрыйбасы жок болсо, ал кызматта бир да жолу иштебесе, анан кантип жетекчи болуп иштей алат? Болгондо да Министрлер кабинетинин төрагасына жана министрлик кызматтарга көрсөтүп жатасыңар. Эми ошол тармакта бир күн иштебей туруп, кантип министр болот?..

5 жыл чет мамлекетте окуп келсе эле акылдуу болуп кетеби? Ошондо бул жерде окуп жаткан биздин балдар акылсызбы? Мына азыр аким, айыл өкмөт башчысы болуш үчүн 3-5 жыл иштеш керек да, эми бул жагы кандай болуп калат? Керек болсо аким болуш үчүн анын орун басарлыгында иштеш керек", - деди ал.

Маматалиев кыргыз уул-кыздары бардык жерде акылдуу, шыктуу, жөндөмдүү экенин баса белгилеп, чет өлкөдөгү чоң компанияларда ийгиликтүү иштеп жаткан кыргыз жарандарына мамлекет үчүн иштөөгө жол берүү керектигин айтты.

"Министрликтер тыштан эле тажрыйбасы жок бирөөнү алып келип кызматка койбойт да. Аларда электен өткөрөт. Тескерисинче, кээде көп жыл ошол тармакта иштегендерди жетекчилик кызматка койгондо майнап чыгара албай калып жатышат... Эгерде АКШда азыркыдай мыйзам иштеп жатканда Илон Маск кызматка отура алмак эмес да. Эмнеге кыргыздардын арасында андайлар жок", - деди эл өкүлү.

Өз кезегинде Сыдыгалиев ишкерлер дагы министрлик кызматка келип калышы мүмкүндүгүн эске алып, мамлекетик кызматкер менен ишкердин максаттары башка болот дейт. Маматалиев эгер сунушталып жаткан мыйзам ойлогондой жыйынтык бербей калса, анда кайра мурунку нормага кайтып келсе болорун айтты. Жыйынтыгында мыйзам колдоо тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан