Садыр Жапаров: "Бир кылым бою чечилбей келе жаткан чек ара маселесине түбөлүккө чекит койдук" (видео)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында белгиленип жаткан Нооруз майрамына катышты. Мамлекет башчы иш-чарада кыргызстандыктарды жаз майрамы менен куттуктап, чек аранын чечилишине да токтолду.

"Кыргызстандын жаркын келечеги элибиздин тынчтыгы менен тыгыз байланышкан чек араларыбыздын чечилишинен башталат. Өзүңүздөр билгендей, мындан 3 жыл мурун коңшу Өзбекстан менен чек арабызды тактоого жетиштик эле. Андан соң жеке эле баткендиктерди эмес, жалпы кыргыз журтчулугунун жүрөгүн өйүтүп, Тажикстан менен 1924-жылдан бери, бир кылым бою, чечилбей келе жаткан чек ара маселесине түбөлүккө чекит койдук.

Төрт жылдын ичинде чек араны ой-чуңкурунан бери жакшы билген адистер менен бел чечпей иштешип, “жети өлчөп, бир кесип”, бир айылдын эмес, бүтүндөй мамлекеттин кызыкчылыгы деп отуруп, акыры жөнгө салууга жетиштик. Албетте, ата-бабаларыбыздан бери медер тутуп, мекендеген айрым жерлерибизди алмашуу оңойго турган жок. Ошентсе да эки мамлекеттин чек араны тактоо боюнча өкүлдөрү эки жактын кызыкчылыктарын ортого салып, талашып-тартышып, кызыл чеке болуп отуруп акыры кыргыз-тажик чек ара сызыгы такталып бүттү. Чек араларыбыздын толук такталышы Кыргызстандын көз карандысыздыгы менен бүтүндүгүнүн чыңдалгандыгын айгинелеп турат.

Кудай буйруса, 31-март күнү Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек аралары кесилишкен жеринде үч өлкөнүн президенттери жолугушабыз, ноталар менен алмашабыз жана үч өлкө биргелешкен декларацияга кол коюшуп, түбөлүк достук, түбөлүк ынак коңшулук мамилелерди бекемдейбиз.

Мындан ары Баткен чек арасында жайгашкан мекендештерибиздин кооптонуу менен кечирген ар бир күнү бейкапар турмушка айланат. Журт которууга туура келген баткендиктерге мамлекет бардык шарттары эске алынган үйлөрдү салып берет. Кыргыз-тажик-өзбек чек ара сызыгынын аныкталышын эл аралык уюмдар жана дүйнө коомчулугу тегиз кубаттоого алышкандыгын да баса белгилеп айта кетейин", - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, 13-мартта Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууга кол коюшкан. Ал эми 19-мартта Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча келишимдерди бир эле учурда үч окууда ратификациялоону жактырышты. Жыйында УКМК башчысы Камчыбек Ташиев чек ара боюнча жетишилген келишим тууралуу депутаттарга маалымат берип жатып, тажик тарап келишимди ратификациядан өткөргөнүн айткан.

21.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан