Бүгүн, 19-марттагы Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМК башчысы Камчыбек Ташиев тажик тарап чек ара боюнча келишимди ратификациядан өткөргөнүн билдирди.
Жыйында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо маселеси каралууда. Анда Ташиев бардык тилкелер боюнча кенен жооп берерин, анткени келишим бузулуп кала турчу коркунучтан өткөнүн айтты.
"Кечээ коңшубуз Тажикстан ратификациядан өткөрдү. Биз да бүгүн өткөрсөк, ошону менен бүтөбүз", - деди ал.