Дайырбек Орунбеков Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтарылса көптөгөн иштин бети ачыларын айтты

Президенттин маалымат саясатынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасы аркылуу Максим Бакиевге таандык болгон компания мамлекетке кайтарылганын билдирди.

Ал бул иштин бети Алексей Ширшовдун көрсөтмөсү менен ачылганын белгилеп, эгер Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтарылса да, дал ушундай иштердин бети ачылмактыгын айтты.

"Банк ячейкаларында дайынсыз жоголгон акчалар, ошондой эле Убактылуу өкмөт мүчөлөрү жашыруун өздөрүнө каттатып алган мүлктөр аныкталышы ыктымал. Бирок Бакиевди алып келип, бул фактыларды ачыкка чыгаруу демилгесине каршы чыккандар бар. Балким, алар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгынан жана мурдагы иштеринин ашкереленишинен коркуп жатышкандыр?" - деп жазды ал.

Орунбеков Аскар Акаевдин Кыргызстанга келип, Кумтөр тууралуу маалымат бериши кенди мамлекетке алууда чоң салым болгонун эске алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан